Мамазаирова, Меңди
Мамазаирова, Меңди - акын, жазуучу. Кара-Суу районунун Коңур-Жаз айылында 1943-жылы 1-майда туулган. 1965-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолун 1965-жылы Кыргыз Мамлекеттик телерадиокоми-тетинде иштөөдөн баштаган. 1967-1971-жж. Кара-Суу районунда орто мектепте мугалим, 1971–1974-жж. Ош облустук край таануу музейинде экскурсия башчысы, 1974-жылда «Мугалимдер газетасында» кабарчы болуп иштейт.
1995-1996-жж. «Азаттык» радиосунун кабарчысы, 1996-жылдын августунан баштап Кыргыз Мамлекеттик телерадиокорпорациясында кабарчы, комментатор болуп эмгектенүүдө.
«Нөшөр» деп аталган алгачкы аңгемелер жыйнагы 1975-жылы жарык көргөн.
1993-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери» деген ардактуу наамга татыктуу болгон. 2007-жылы мамлекеттик «Даңк» медалы ыйгарылган.
Жарык көргөн китептери[оңдоо | булагын оңдоо]
Кыргыз тилинде[оңдоо | булагын оңдоо]
Нөшөр: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1975. – 52 б.
Саламатсыңбы, Күн!: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1979. – 52 б.
Жайдын эң, ысык күнү: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1980. – 144 б.
Туулуп өскөн үй: Повесттер. – Ф.: Кыргызстан, 1983. – 172 б.
Ак канаттуу чабалекей: Повесть жана аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1985. – 204 б.
Турумтай: Роман, повесть, аңгеме. – Ф.: Мектеп, 1988, – 336 б.
Кайгыдан тургуздум сага бир эстелик: Ырлар жыйнагы, ОсОО «Са-быр», 2000.
Турумтай: Роман, аңгеме. – Б., 2004.
Энелер үнү: Публицистикалык поэма. – Б., 2007.
Жаңгак гүлү: Повесттер. – Б., 2007.
Таарынган шаар: Ырлар, поэмалар. – Б.,
Драмалар[оңдоо | булагын оңдоо]
Наристеге арналган хризантема: Ош драма театры,. 1987.
Аппак аял айдай кыз (Бакустун ак көйнөгү): Трагедия. – Кыргыз мамлекеттик жаштар театры, 1992.
Кымгуут түшкөн бир кечте: Драма. – К. Жантөшов атындагы Ыссык-Көл обл. драма театры, 1993.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- *Кыргыз Республикасынын жазуучулары/Кыргызпатент.Түз.: М. Ааматов, А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: 2011 ISBN 978-9967-26-379-6