Мугалимдер газетасы

Википедия дан

"Мугалимдер газетасы" гезити - Кыргызстандагы совет доорундагы агартуу тармагынын көйгөйлөрүнө арналган мезгилдүү басылма.
Анын орусча варианты "Учитель Киргизстана" деп аталчу.
Гезитти Кыргызстандын белгилүү интеллектуал агартуучулары жетектеп келген.
Анын баш редакторлорунун арасында таанымал жазуучу Жунай Мавлянов да болгон.
Советтер Биримдиги ыдыраган соң "Мугалимдер газетасы" басылмасы аталышын өзгөртүп, "Кут билим" гезити деп аталып калган.
Ушул тапта "Кут билим" гезити Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен гезит жамаатынын менчигинде.
Гезиттин редактору - Кубат Чекиров.
Гезиттин редакциясы Кыргызстандын борбору Бишкекте жайгашкан.

Шилтеме:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

http://www.presskg.com/