Меңди Мамазаирова
Меңди Мамазаирова | |
Туулган датасы: | |
---|---|
Туулган жери: |
СССР, Кыргыз ССР, Коңур-Жаз айылы |
Меңди Мамазаирова — акын, жазуучу[1].
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кара-Суу районунун Коңур-Жаз айылында 1943-жылы 1-майда туулган[2].
1965-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолун 1965-жылы Кыргыз Мамлекеттик телерадиокоми-тетинде иштөөдөн баштаган. 1967-1971-жж. Кара-Суу районунда орто мектепте мугалим, 1971–1974-жж. Ош облустук край таануу музейинде экскурсия башчысы, 1974-жылда «Мугалимдер газетасы» гезитинде кабарчы болуп иштейт. 1995-1996-жылдары «Азаттык» үналгысынын кабарчысы, 1996-жылдын августунан баштап Кыргыз Мамлекеттик телерадио корпорациясында кабарчы, комментатор болуп эмгектенүүдө.
«Нөшөр» деп аталган алгачкы аңгемелер жыйнагы 1975-жылы жарык көргөн.
1993-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери» деген ардактуу наамга татыктуу болгон. 2007-жылы мамлекеттик «Даңк» медалы ыйгарылган[3]. Кыргыз Республикасынын эл акыны (2017).
Жарык көргөн китептери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Нөшөр: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1975. – 52 б.
- Саламатсыңбы, Күн!: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1979. – 52 б.
- Жайдын эң, ысык күнү: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1980. – 144 б.
- Туулуп өскөн үй: Повесттер. – Ф.: Кыргызстан, 1983. – 172 б.
- Ак канаттуу чабалекей: Повесть жана аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1985. – 204 б.
- Наристеге арналган хризантема: Ош драма театры,. 1987.
- Турумтай: Роман, повесть, аңгеме. – Ф.: Мектеп, 1988, – 336 б.
- Аппак аял айдай кыз (Бакустун ак көйнөгү): Трагедия. – Кыргыз мамлекеттик жаштар театры, 1992.
- Кымгуут түшкөн бир кечте: Драма. – К. Жантөшов атындагы Ысык-Көл обл. драма театры, 1993.
- Кайгыдан тургуздум сага бир эстелик: Ырлар жыйнагы, ОсОО «Са-быр», 2000.
- Турумтай: Роман, аңгеме. – Б., 2004.
- Энелер үнү: Публицистикалык поэма. – Б., 2007.
- Жаңгак гүлү: Повесттер. – Б., 2007.
- Таарынган шаар: Ырлар, поэмалар. – Б.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Ааматов, М.; Чекиров, А.; Калыева, Ө. (2011). Кыргыз Республикасынын жазуучулары. Бишкек: Кыргызпатент. ISBN 978-9967-26-379-6.
- ↑ Эл акыны Меңди Мамазаированын 80 жылдыгы белгиленүүдө, Азаттык үналгысы (12.06.2023).
- ↑ Меңди Мамазаированын "Аймаран" романынын бет ачары өтүп жатат, Азаттык үналгысы (26.01.2019).