Мамасаидов Мухамаджан Ташалиевич

Википедия дан

Мамасаидов Мухамаджан Ташалиевич (1. 4. 1949-жылы туулган, Ош областы, Араван району, Араван айылы) – техника илимдеринин доктору (1989), профессор (1992), Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги (2000). Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери (1998). ФПИни (1971), ошол эле жерден аспирантураны (1965) бүтүргөн. Кыргыз ССР Илимдер академиясынын «Импульс» ИИИде инженер, кенже, улук илимий кызматкер, лаборатория башчысы, Ош Жогорку технологиялык колледжде (ВТКда) кафедра башчысы, Кыргыз-Өзбек жогорку технологиялык колледжде директор, 1997–2010-жылдары Кыргыз-Өзбек университетинде ректор болуп иштеген. 150дөн ашык илимий эмгеги, анын ичинде 7 монография, 33 ойлоп табуусу бар. Эмгектери: Теория вертикальных шнековых механизмов, Ф., 1978; Прочность гибких трубопроводов бурильных установок. Б., 2001.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]