Маматова Гүлбара Казакбековна

Википедия дан

Маматова Гүлбара Казакбековна (1950, Ысыккөл району) - кыргыз аялдарынан чыккан туңгуч хормейстер, проф., эл агартуунун отличниги, республикалык «Студенттик жаз» фестивалынын 5 жолку лауреаты.

  • 1969-ж. Кыргыз улупучс Ленин ордендүү академиялык А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын опера студиясын,
  • 1973-ж. Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтун, Кыргыз улуттук консерваториясынан хор дирижеру адистигин бүтүргөн.
  • 1973-ж. Кыргыз мамлекеттик В. Маяковскйй атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунда педагог, Кьфгыз улуттук телерадиокорпорациясынын камералык хорунун хормейстери,
  • 2002-ж. башкы хормейстри, Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын опералык-хордук студиясынын хормейстери,
  • 1976-ж. И. Арабаев атындагы пединституттун «Кыял» вокалдык ансамблинин, студенттик хор каппелласынын көркөм жетекчиси жана дирижёру.

Музыка илиминин негизи болгон хорду таануу, дирижёрлоо, хор классы, хор партитурасын окуу сабактары боюнча 6 окуу-методикалык куралды, 16 илимий жана методикалык, докладдык тезистерди жана көптөгөн макалаларды жарыялаган. «Хордук чыгармалар менен иштөөнүн методикасы», «Хордук чыгармалар», «Жалпыга билим берүүчү кыргыз орто мектептеринин 1-7-класстары үчүн хор музыкасы боюнча методикалык колдонмо», «Кыргыз композиторлорунун фортепьянолук чыгармаларынын хрестоматиясы» ж. б. жыйнактары басылмалардан жарык көргөн.

Кыргыз улуттук Ж. Баласагын атындагы университетте «Күү дастан» эркектер хорун уюштурган, хор элдик хор наамын алган. Өкмөттүк жана коомдук уюмдардын, жогорку окуу жайларынын көптөгөн дипломдору, Ардак грамоталары менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.