Мазмунга өтүү

Маматурдиев Гулам

Википедия дан

Маматурдиев Гулам (1. 1. 1940-жылы туулган, Ош областы, Араван району, Араван кыштагы) – экономика илимдеринин доктору (2001). ОМПИни(1962), Өзбек ССР Илимдер академиясынын аспирантурасын (1965) бүткөн. ОМПИде окутуучу, ага окутуучу (1962–74), доцент (1974–79), кафедра башчысы (1979–91), ошол эле окуу жайдын математика факультетинде илимий жана тарбия иштери боюнча декандын орун басары (1991–94), Кыргыз-Өзбек университетинин финансы-экономикалык факультетинде декан (1994–2006), ОМПИде проректор (2006–2007). 2007-жылдан Россиялык мамлекеттик социалдык университетинин Оштогу филиалында профессор 200дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде 10 монографиянын, 18 окуу-методикалык көрсөтмөнүн жана 12 китептин автору. Илимий эмгектери негизинен Кыргыз Республикасынын айыл чарба комплексинин инновациялык механизмдерине арналган. «Эл агартуу отличниги» (1971), Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын корреспондент мүчөсү (1999), академиги (2004). Даңк (2005) медалы менен сыйланган. Эмгектери: Структуралык программалоонун негизинде Паскаль тилинде программалоо (авторлош). Ош, 1990; Формирование механизмов аграрного рынка. Теория моделирование, проблемы. Ош, 1997; Прогнозирование и эффективность механизмов аграрного рынка (в условиях Кыргызской Республики). Ош, 1998; Методологические основы механизмов развития аграрного рынка (авторлош). Б., 2000.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]