Мамат Болот

Википедия дан

Мамат Болот – жазуучу. 1951-жылы Базар-Коргон айылында туулган.

1975-жылы Россиядан, Тамбов облусундагы Мичуринск педагогикалык институтун бүтүргөн.

1975–1992-жж. мугалим болуп иштеген. 1992-жылдан чыгармачылык менен алектенип келет.

Автордун алгачкы китеби «Адам – Аалам» деп аталып, ал 2002-жылы жарык көргөн. Кыргыз философиясы, тарыхы, адабият таануу, чыгыш таануу, элдик медицина жаатында жазып келет.

2004-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам – Аалам. – Б.: Элпек, 2002. – 200 б.

Шыпагер. – Б.: Бийиктик, 2003. – 75 б.

Эгемендик жылдарындагы кыргыз адабиятына сереп. – Б.: Бийиктик, 2005. – 150 б.

Азирети эшен пирибиз. – Б.: Бийиктик, 2005. – 180 б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]