Мамбеталиев Жээнбай

Википедия дан

Мамбеталиев Жээнбай - жазуучу, акын, журналист. Нарын районунун Оттук айылында 1938-жылы 18-декабрда туулган. 1963-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институтун бүтүргөн.

1963–1969-жылы республиканын дарылоо мекемелеринде врач, 1969-жылдан «Ден соолук» журналынын жооптуу катчысы болуп иштеген.

Чыгармачылыгы 1962-жылы башталып, анын «Кышкы убак» аттуу алгачкы ыры «Жаш ленинчи» журналына басылган. Анын алгачкы «Менин сүйгөн сулуу булутум» китеби 1968-жылы басылып чыккан.

Р.Рождественский, Р.Рза, Е.Евтушенко ж.б. чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

СССР саламаттык сактоо отличниги. Кыргыз ССРинин Саламаттык сактоо министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

1976-жылдан СССР Журналисттер союзунун, 1983-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мен сүйгөн сулуу булутум: Повесть жана аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1968, – 127 б.

Карагайчынын уулу: Аңгемелер жана повесть. – Ф.: Кыргызстан,1975. – 124 б.

Сезимдеги тактар: Повесть. – Ф.: 1978. – 123 б.

Мендеги өчпөс сүйүүлөр: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1980. – 72 б.

Өмүрдүн узактыгы өзүбүздөн: Публицистика. – 1981.

Гүлдүү арал: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1984.–73 б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]