Мамбетжунушов Түгөлбай

Википедия дан

Мамбетжунушов Түгөлбай – котормочу. Тоң районунун Бар-Булак айылында 1939-жылы 26-декабрда туулган.

1955-жылы орто мектепти аяктап, эмгек жолун Тоң районундагы райондук дүкөндө иштөө менен баштаган. Аскерде кызмат өтөп келип, райондук жана аскер гезит-теринин жолдомосу менен Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетине өткөн.

1965-жылы «Ленинчил жаш», «Мугалимдер газетасы» гезиттеринде кабарчы, кийин «Билим» коомунда редактор, референт, партиянын Биринчи Май райкомунда инструктор болуп иштеген.

1976-жылдан «Кыргызстан» басмасында редакция башчысы, Кыргыз Республикасынын Басма, полиграфия жана китеп соода комитетинде башкармалыктын жетекчиси, Республикалык китеп соода бирикмесинде Башкы директор, Республикалык китеп-каналарды китеп менен жабдуу борборунун директору, 1999–2000-жж. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана энциклопедия борборунун директорунун орун басары, директордун милдетин аткаруучу, 2000-жылдан Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил комиссиянын Терминология жана басма иштери бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келет.

1953–1965-жж. макалалары республикалык «Кыргызстан пионери», «Ленинчил жаш», облустук «Ысык-Көл правдасы», райондук «Кызыл күн чыгыш», Закарпат аскер округунун «За Родину!» ж.б. гезиттерине жарыяланып, көркөм-адабий ======Котормолору======радиодо уктурулган.

Республиканын Басма, полиграфия жана китеп соода комитетинде 13 жыл коллегия мүчөсү, Китеп сүйүүчүлөр коомунда бир нече жыл Президиум мүчөсү болгон.

Китеп чыгаруу жана аларды таркатуу боюнча Венгрияда, Иранда, Германияда эл аралык жыйындарга, Москвада өткөрүлгөн Эл аралык китеп көргөзмө-жарманкесине катышкан жана ВЛКСМ БКнын, Кыргызстан ЛКСМ БКнын, «Известия», «Комсомольская правда», «Кыргызстан пионери» гезиттеринин, СССР Басма, полиграфия жана китеп соода комитетинин, Бүткүл союздук «Союзкнига» китеп соода бирикмесинин, Республикалык Басма, полиграфия жана китеп соода комитетинин, Бүткүл Союздук жана республикалык китеп сүйүүчүлөр коомдорунун Ардак грамоталарына, дипломдоруна татыктуу болгон.

В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Күжүрмөн эмгеги үчүн» юбилей медалынын, «Эмгек ардагери» медалынын ээси.

1985-жылы «СССРдин китеп чыгаруу жана таратуу отличниги», 1987-жылы «СССРдин чегара кызматынын отличниги», 2005-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын «Кыргыз тили» төш белгиси, 2008-жылы «Кыргыз Республикасынын маданият тармагынын мыкты кызматкери» наамы, 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

Кыргыз Энциклопедиясынын 6-томун даярдоонун жигердүү катышуучусу жана В.И.Лениндин толук жыйнагынын, «Билим» коомунун басылмаларынын жигердүү котормочусу.

1978-жылдан СССР Журналисттер союзунун, 1985-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстандагы жер-суу аталыштарынын сөздүгү. – Б.: Кыргыз энциклопедиясы, 2004. (авторлош).


Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Саясий

В.Стороженко. Башкы милдет. – Ф.: Мектеп, 1974. – 40 б.

Ю.Кашлев. 14 миң согуштан кийин. – Кыргызстан, 1978. – 264 б.

И.Зайцев. Кандидаттык стаж. Ф.: – Кыргызстан, 1979. – 64 б.

Партиялык курулуш. – Ф.: Кыргызстан, 1979.

Ляпоров Н. Партиялык принципиалдуулук. – Ф.: Кыргызстан, 1980.

КПССтин экономикалык саясаты. – Ф.: Кыргызстан, 1983.

Тездетүү стратегиясы. Ф.: Кыргызстан, 1988. – 388 б.

Т.Рыскулов. 1916-жылдагы казак-кыргыздардын көтөрүлүшү жөнүндө К-те: Үркүн. – 1993. – 19 б.

Табышалиева А. Мезгил мерчеминде. – Ф.: «Акыл» АКсы, 2004.


Көркөм-адабий

Б.Павленко. Жалында сыналган жаштык. Повесть. – Ф.: Мектеп, 1980 – 272 б.

П.Абрасимов. Досум тууралуу баян. Повесть. – Ф.: Мектеп, 1987 – 155 б.

М.Сынтимбряну. Тамашаңды кое тур. Аңгемелер жыйнагы. Ф.: Мектеп, 1987. – 155 б.

Н.Зенькович. Пилоткачан балдар. Повесть. – Ф.: Мектеп, 1991 – 285 б.


Радиоинсценировкалар:

Оролхан Бокеев. Кербугу. 1980.

Георгий Гулиа. Биздин Сандра. 1983.

Азам Рахнавард. Портрет. 1984.


Кинофильм:

Жоболоңдуу жорук (Тажикфильм), 1992.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]