Мамбеткалиев Султан

Википедия дан

Мамбеткалиев Султан 1942-жылы Чүй областына караштуу Кегети айылында туулган.Цитатанын катасы: Invalid <ref> tag; refs with no name must have content – филолог, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн эмгек сиңирген кызматкери (2002), Кыргыз Республикасынын эл мугалими (2011). КМУнун филология факультетин бүтүрүп (1968), ошол эле университетте окутуучу (1968), окуу бөлүм башчысынын орун басары (1974), доцент, КМУнун студенттик профсоюз комитетинин төрагасы (1979), Чүй университетинин негиздөөчүсү, ректору, президенти (1991-жылдан). Өзүн-өзү каржылоочу окуу жайлар ассоциациясынын уюштуруучусу (1995), президенти (1999), 1997-жылдан Эл аралык Кадрлар академиясынын академиги (Киев) жана анын Азия боюнча өкүлчүлүгүнүн жетекчиси, Эл аралык Түрк академиясынын академиги (Москва), Кыргыз Республикасынын Туризм академиясынын профессор, доктору (1998), Кыргыз Республикасынын ректорлор союзунун вице-президенти (1999), КМШ өлкөлөрүнүн билим берүү тармагында кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык координациялык кеңешинин мүчөсү (2000), Чүй районундагы бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын камкорчулар кеңешинин төрагасы (2006). Мамбеткалиев Чүй университетинин алдындагы Бишкек, Кара-Балта, Чолпон-Ата колледждерин, ошондой эле университеттин базасындагы үч башталгыч окуу борборлорун ачкан. 12 методикалык окуу китептин, 60тан ашык илимий эмгектин автору.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]