Мамбеткулов Сулайманкул

Википедия дан

Мамбеткулов Сулайманкул (10.2.1939-ж.т., Айгыр-Жал айылы)-райондун жана Терек-Сай айыл аймагынын ардактуу атуулу (2011).

Жалал-Абад зооветеринардык техникумун (1960), Кыргыз айыл чарба институтунун ветеринардык факультетин (1975) бүткөн. 1960-70-жылдары Ала-Бука, Чаткал райондорунун чарбаларында ветеринардык фельдшер, 1975-84-жылдары «Чаткал» совхозунда ветеринардык врач, ветеринардык пунктун башчысы, 1984 90-жылдары Каныш-Кыя, Ак-Таш, Чаткал совхоздорунда, “Кызыл-Токой” колхозунда башкы ветеринардык врач болуп иштеген. «Эмгектеги каармандыгы үчүн» медалы менен сыйл анган( 1970).


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6