Мамбетов Момбек

Википедия дан

Мамбетов Момбек (1937-ж.т., Каныш-Кыя айылы) - ээрчи. Ээр чабуу боюнча белгилүү уста.

Ээрдин кашын бүркүттүн томогосундай кылып чыгарып, ээрди кайыңдан чапкан. Ээрди чабаары менен казанга бир сааттай кайнатып, ошондо кайыңдын сары суусу чыгып, жыгач бышык болуп, жарылбаган. СССРдин 60-жылдыгына карата “Көркөм кол өнөрчүлөрдүн республикалык кароо-сынагынын (1982)”, Кыргыз ССринин жана Кыргызстан Компартиясынын 60-жылдыгына карата “Элдик чеберлердин көркөм буюмдарынын республикалык II кароо-сынагынын (1984) катышуучусу. Ат жабдыктары үчүн Обкомдун жана облаткомдун Ардак грамотасы менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6