Мамбетов Мырзабек

Википедия дан

Мамбетов Мырзабек (17. 8. 1929, Талас району, Бүлкүлдөк кыштагы – 14. 2. 2005, ошол эле жер) – малчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1976), Кыргыз ССРинин мал чарбасына эмгек сиңирген устат (1977). 1958-жылдан Талас районунун Октябрдын 40 жылдыгы атындагы колхоздун баш чабаны. Малдын санын өстүрүүдө жана жүн кыркып алууда мыкты көрсөткүчтөргө жетишип, 1976-жылы 534 тубар койдун ар жүзүнөн 156дан козу, ар койдон 4,0 кг жүн кыркып алган. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]