Мамбет Алы уулу Таранчы

Википедия дан

Мамбет Алы уулу Таранчы (1907, Нарын району, Эчки-Башы айылы — 1965, ошол эле жер) — СССРдин ардактуу жолчусу (1951).
1938-ж. Он-Арча колхозунун башкармасы, 1939—65-ж. Нарын райондук жол бөлүмүнун башчысы.
Нарын өрөөнүнөн чыккан алгачкы жолчу-инженер. Анын жеке долбоору менен Нарын районунун дээрлик бардык айылдарына, жайлоо-кыштоолоруна жол салынган (Долон— Нарын, Телек—Соң-Көл, Каратал — Жапырык—Сары-Булак—Акташ, Нарын—Кең-Саз, Нарын—Оорук-Там—Кичи-Кара-Кужур—Солтон-Сары, Сары-Булак— Сары-Жон жана башка).
Комузчу, манасчы да болгон. Ысымы Нарын шаарынын көчөсүнө ыйгарылган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.