Мамеев Төлөгөн

Википедия дан

Мамеев Төлөгөн - акын.

Төлөгөн Мамеев Кара-кулжа районунун Шаркыратма айылында 1938-жылы 12-майда туулган.
Ал Оштогу педагогикалык окуу жайын 1955-жылы бүтүрүп, башталгыч класстын мугалими болуп эмгек жолун баштаган.
1957–1958-жж. райондук «Коммунизм үчүн» гезитинин жооптуу катчысы болуп иштеп,
1958–1963-жж. Кыргыз мамлекеттик университетинин журналисттик бөлүмүндө окуган.
1963–1965-жж. орто мектепте орус адабияты жана кыргыз адабияты боюнча мугалим,
1965–1970-жж. Өзгөн райондук «Октябрь Туусу» гезитинин жооптуу катчысы,
1970–1971-жж. республикалык «Ленинчил жаш» гезитинде,
1971–1993-жж. «Кыргызстан маданияты» гезитинде поэзия секциясынын башчысы болуп иштеген.
1994–1996-жж. «Мурас» журналынын бөлүм редактору,
1996–1998-жж. саясий коомдук «Мээнет» гезитинин башкы редактору болуп иштеген.

Анын алгачкы ыры 1954-жылы Совет райондук «Коммунизм үчүн» гезитине,
1958-жылы «Ала-Too» журналында жарык көргөн. Ошондон тартып республикалык басма сөздөрдө «Дүбүрт», «Жаштык сапар» аттуу коллективдүү жыйнактарына ырлары кирген. Кийин «Темир канат», «Күн чубак» жыйнактарында ырлары жарыяланган. «Ажайып дүйнө» аттуу алгачкы ырлар жыйнагы 1975-жылы жарык көргөн.
Т.Мамеев С.Есениндин, Ю.Лермонтовдун, Г.Лорканын, Абайдын чыгармаларын которгон.
Анын ырлары орус, казак, өзбек, алтай ж.б. тилдерде жарык көргөн.
Т.Мамеевдин журналист катары макалалары, очерк, фельетондору жарык көргөн. Комсомолдун 50 жылдыгынын конкурсунун жеңүүчүсү, ВЛКСМдын, Кыргызстан ЛКЖС БКнын Ардак грамоталары менен бир нече жолу сыйланган.
1986-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
2000-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген наам берилген.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Ажайып дүйнө: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1975. – 66 б.

Жүрөктүн ыры: Ырлар. – Ф.: Адабият, 1989. – 71 б.

Кызыл таң: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1983. – 88 б.

Менин жазым: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Мектеп, 1981.

Ата-журт ажары: Ырлар. – Б., 2000. – 204 б.