Мамлекеттештирүү
Мамлекеттештирүү — жеке менчик жерди, өнөр жайды, транспортту, байланыш каражаттарын, банк ж. б-ларды мамлекет менчигине алуу.
Мамлекеттештирүү иши кандай таптын мүдөөсүн көздөгөндүгүнө жанa саясий доордо жүргүзүлүп жаткандыгына жараша түрдүү социалдык-экон. жанa саясий мааниге ээ болушу мүмкүн. Феод, доордо айрым феодалдарга каршы күрөштө бийликти борбордоштуруу аркылуу монархиянын өзөгү чыңдалып, негизги байлык — жер мамлекет карамагына топтолгон. Бурж. рев-янын жүрүшүндө жерди Мамлекеттештирүү феодализмдин экон. базасын жоюуга түрткү берип, капитализмдин өнүгүшүн тездетти.
19-кылымдын 2-жарымында капит. өндүргүч күчтөрдүн тез өнүгүшү экономиканын айрым тармактарынын ири тармактарга айланышына көмөк берди. Натыйжада бир катар өлкө экономикасын өнүктүрүүнү көздөп, т. ж. жанa байланыш каражаттарын Мамлекеттештирүүге мажбур болду. Демек мааннси боюнча Мамлекеттештирүү капитализм тушунда прогрессчил жанa реакциячыл мүнөзгө ээ болушу да мүмкүн. Ал эми түпкү тегин талдаганда капитализм учурундагы Мамлекеттештирүү өндүргүч күчтөр менен өндүрүш мамилелердин капит. мүнөзүн жок кылбайт.
Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү Мамлекеттештирүү, эреже катары, чет өлкөлүк монополияларга жана неоколониализмге каршы багытталат. Ө. ж. ж. б. ишканаларды Мамлекеттештирүүнүн натыйжасында мамл. сектор пайда болуп, бул улуттук экономиканын калыптанышына жана өнүгүшүно зор жардам берет да, көз карандысыздыкты чыңдоого шарт түзөт. Бул өлкөлөрдогү Мамлекеттештирүү мурдагы ишкана ээлерине компенсация берүү аркылуу ишке ашырылат. Банктарды Мамлекеттештирүү өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин өз кредит системасын түзүүгө жардам берип, чет өлкөлөргө көз каранды болуудан сактайт. Бирок помещиктик жер ээлигин тез жоюу мүмкүн болбогондуктан бул өлклөрдө жерди мамл. секторго тартууга кедерги болуп жатат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.