Мамлекеттик бийликти жергиликтүү органдары

Википедия дан

Мамлекеттик бийликти жергиликтүү органдары - мамлекеттерде бийликтин өкүлдүк органдары.

Бул органдар тийиштүү аймакта маданият жана чарбалык иштерге жетекчилик кылат, жергиликтүү бюджетти белгилейт, өздөрүнө баш ийген башкаруу органдарынын иштерине контролдук кылат, мамлекеттик тартип менен мыйзамдарды сактоо жана граждандардын укуктарын коргоо жагын камсыз кылат. Өз милдеттерин аткаруу үчүн жергиликтүү органдар жалпы компетенциясы бар аткаруу комитетин, президиум ж. б. органдарын, башкаруунун айрым тармактары боюнча аткаруу органдарын түзөт. Жергиликтүү органдардын иш-аракет формасы – сессия. Сессияда ошол аймакка тийиштүү маселелери каралат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Журналистика энциклопедиясы. 1-том. Түз., А.А. Джапанов –Б., 2016. – 360б. ISBN 978-9967-19-414-4