Мамлекеттик буйрутма

Википедия дан

Мамлекеттик буйрутма ― өлкөнүн кызыкчылыгы бар өндүрүмдөрдү өндүрүү, товар чыгаруу ж.б. иш-чараларды камтыган буйрутма. Ал өкмөттүк органдар тарабынан берилип, мамлекеттик бюджеттен каржыланат. Мамлекеттик буйрутма мамлекеттин бардык чарба тармактарында негизги керектөөлөрүн канааттандырып, жалпы мамлекеттик керектүү маселелерди (өнөр жай өндүрүшү, илимий-техникалык изилдөө программалары, коомдук-социалдык чөйрө, коргонуу стратегиясы ж. б.) чечүүгө кепилдик берет. Ал чарбалык байланыштарды түздөн-түз жөнгө салгыч. Мамлекеттик буйрутма ар бир ишкана үчүн өтө ыңгайлуу, анткени ал туруктуу каржы булагын түзөт. Ошондуктан мамлекеттик буйрутмаларды алуу көпчүлүк учурда лоббирлештирүүгө дуушар болуп, катуу атаандаштыктын негизинде өтөт. Мамлекеттик буйрутма сынактык соода жана аукцион түрүндө берилет. Сынактык соода жана тендерлер негизинен азык-түлүк сатып алуу, турак-жай, имараттарды куруу жана реконструкциялоо иштери, ар түрдүү объекттерге имараттарды ижарага алуу, жолдорду ремонтто, жаңы жолдорду куруу ж. б. өтөт. Кыргызстанда мамлекеттик буйрутма айрыкча жол тармагын куруу, курулуш иштерин жүргүзүүдө кулач жайып, тендер аркылуу өткөрүлүүдө[1].

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Мамлекеттик сатып алууларга эмне катышат?. Текшерилген күнү 31 -июль (теке) 2021. Түп булактан архивделген күнү 31 -июль (теке) 2021.