Мамлекеттик ички карыз

Википедия дан

Мамлекеттик ички карыз - ар бир өлкөнүн ичинде түзүлүүчү карыз.

Бул экономика секторлорундагы өз ара карыздарынын жыйындысы болуп эсептелет. Мунун өзүнчө түзүмү болот да, төмөндөгүдөй элементтерден куралат: Мамлекеттик ички карыз; корпоративдик сектордун карызы жана элдин карыздары. Мамлекеттик баалуу кагаздар Мамлекеттик ички карыздын көп бөлүгүн түзөт. Союз тарагандан кийин Кыргызстандын ички карызынын түзүмүндө негизинен СССРдин убагында чыгарылган жана калктын колунда болгон займ, облигациялар болгон.

Көз карандысыздыкты алгандан кийин Мамлекеттик ички карызына Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн карыз алуусу кошулган. Ички карыздын суммасы 2000-ж. 1-октябрына карата 5393 млн сомду түзгөн. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызы жөнүндөгү» (1991-ж. 16-апрель № 415-ХП) мыйзамы мамлекеттик карызды жонго салуунун негизги ченеми болгон. Бул мыйзамда жалпы абал, мамлекеттик карыздын курамы, мамлекеттик карыздын инструменттери, Мамлекеттик карыз башкармасы, Мамлекеттик карызды төлөө фонду каралган. Каржы министрлигине караштуу мамлекеттик карыз боюнча башкарма мамлекеттик карыз боюнча жалпы саясатты жүргүзөт. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жайгаштырууга болот. Жайгаштыруу, төлөө, мамлекеттик карызды тейлөө боюнча техникалык операциялар Улуттук банк тарабынан ишке ашырылат.

Карызды төлөө көйгөйүн чечүү үчүн мамлекеттик карызды төлөө фонду түзүлгөн. Мамлекеттик карызды төлөө булактары жана аны аткаруу Жогорку Кеңеш тарабынан аныкталат. 1992-ж. июлдан баштап Кыргыз Республикасынын өкмөтү бюджеттин тартыштыгын жабуу үчүн Улуттук банктын насыяларын колдонгон.

Бирок 1998-ж. баштап Кыргыз Республикасынын улуттук банкы өкмөткө түздөн-түз насыяларды бербей калды. «Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн КРУБнын алдындагы карызын реструктуризациялоо жөнүндөгү» мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын насыялар боюнча негизги карыздарын ж.б. карыздарынын түзүмүн мамлекеттик баалуу кагаздарга айландырып, 2379,6 млн сом суммадагы мамлекеттик реструктуризациялык займдардын облигациясы чыгарылган жана ал Улуттук банкка өткөрүлгөн.

2008-ж. карата ички карыздын жалпы көлөмү 300 млн АКШ долларынан ашкан. Тышкы жана ички карыздарды кошкондо Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 млрд АКШ долларынан ашык. Бүгүнкү күндө дүйнөнүн 140 өлкөсү өнөр жайы өнүккөн мамлекеттерге 3 триллион АКШ долларынан ашык карыз.

Мамлекеттик карыздын көлөмү өтө эле көбөйүп кетсе, анда эки коркунуч болушу тууралуу айтышат: биринчиси - мамлекет дефолт болуп, улуттук банкроттукка алып келет, экинчиси - төрөлө элек небере менен чөбөрөлөрдүн мойнуна «нар көтөргүс» карызды мураска калтыруу, алардын мойнуна илип коюу. .

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8