Мамлекеттик сатып алуу

Википедия дан

Мамлекеттик сатып алуу – мамлекеттин бюджет эсебинен өлкө керектөөлөрүн камсыз кылуу. Ал ачык жана таза жүргүзүлүшү зарыл. ошондой эле рыноктун бардык чөйрөсүн камтыйт. Мамлекеттик сатып алуу атайын мыйзамдын негизинде мамлекеттик стандарттар аркылуу жүргүзүлөт. Негизги милдети – соодалашууга катышкан кардарлардын бардык мүчөлөрүнө бирдей мамиле жасоо. Сатуу үчүн тендер жарыялангандан кийин ага катышууну каалоочулардын бардыгы конкурска катыша алат. Мамлекеттик сатып алуу боюнча тендер Массалык-маалымат каражаттары жана интернет порталдар (атайын сайттар) аркылуу жарыяланат. Кыргызстанда мамлекеттик сатып алуу атайын сатып алуу мыйзамы аркылуу жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]