Мамлекеттик эркин көркөм өнөрканалар –

Википедия дан

Мамлекеттик эркин көркөм өнөрканалар – Октябрь революциясынан кийинки алгачкы жылдарда Москва менен Петрограддагы көркөм ЖОЖдордун жана кээ бир шаарлардагы көркөм мектептердин аталышы. 1918-жылдан баштап М. э. к. ө-дын пайда болушу Эл агартуу комитетинин көркөм билим берүү тармагындагы кайра уюштуруу иштерине байланыштуу болгон. Эл агартуу комитетинин көркөм искусство бөлүмүнө кирип алган формалисттер жана аларды колдоочулар бул кайра уюштурууну жарым анархиялык формада окуучулардын «өзүн-өзү кеңири башкаруусунда» өткөрүшкөн жана муну менен орус реалисттик мектебинин негиздерин жокко чыгарышкан, формалисттик практикага жардам көрсөтүшкөн (түрткү беришкен). М. э. к. ө-лар Москвада 1920-жылдын акырына чейин иштеп турган (кийин Вхутемаска – жогорку мамлекеттик көркөм-техникалык өнөрканаларга алмашкан). Ал эми Петроградда 1921-жылдын башына чейин иштеп туруп Көркөм академия деп аталып кеткен мурунку Строганов окуу жайы Биринчи мамлекеттик көркөм өнөрканалар деп аталган да, мурунку живопись, чегүү жана оюп, чаап жасоо жана көркөм курулуш мектеби – экинчи мамлекеттик көркөм өнөркана болуп калган. Жергиликтүү көркөм окуу жайлардын базасында М. э. к. ө. Саратов, Казань, Нижний Новгород, Уфа, Воронеж, Ярославль жана башка шаарларда уюштурулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]