Мамырова Райкүл

Википедия дан

Мамырова Райкүл – акын. Аламүдүн районунун Кызыл-Бирлик айылында 1948-жылы 5-сентябрда туулган. 1966-жылы орто мектепти аяктап, эмгек жолун Таш-Мойнок совхозунун Беш-Күнгөй айылында талаачылыкта иштөө менен баштаган.

1985-жылы алгачкы ыры «Жаш Ленинчи» балдар журналына басылып чыккан. Ошондон баштап анын ырлары «Чүй Баяны», «Эпкиндүү эмгек үчүн», «Эркин-Тоо» гезиттеринде басылып келген.

Биринчи китеби балдарга арналып, «Калтар баяны» деген ат менен 1996-жылы жарык көргөн.

1985–1995-жж. Стрельникова савхозунун маданият үйүнүн башчысы, 1995–2000-жж. «Райгүл» аттуу чакан ишкана ачып аны жетектеп келген.

«Калтар баяны» аттуу дастаны Орозбек Кутманалиевдин аткаруусунда Кыргыз радиосунун Алтын казынасына жазылып алынган.

Ал «Эгер мен», «Караба жигит караба», «Арман», «Кош бол эми», «Биз да сулуу элек», «Ай күбө» сыяктуу обондуу ырларды да жараткан.

1992-жылы Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзу уюштурган чыгармачылык фестивалынын лауреаты болуп, «Чүй Баяны» гезити уюштурган Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгына арналган сынакта мыкты ырлары үчүн Кыргызстан Журналисттер союзунун Ардак грамотасына татыктуу болгон.

2008-жылы Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин «Маданият-тын мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйланган.

1995-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калтар баяны: Поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1996. – 16 б.

Эгер мен: Ырлар, поэмалар. – Б.: Бийиктик, 2006. – 160 б.

Боз чымчык: Ырлар жана поэмалар. – Б.: Гүлчынар, 2010. – 120 б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]