Мамытбеков Орозбек

Википедия дан

Мамытбеков Орозбек (25. 2. 1956-ж. туулган, азыркы Ко-жомкул кыштагы) - жетекчи кызматкер, инженер.

  • К. И Скрябин атындагы Кыргызстан айылчарба институтунун механизация факультетин (1986) жана № 1 техникалык орто окуу жайын электр слесарь бөлүмүн бүтүргөн (1976).
  • Ал 1976-78-жылдары Советтик Армияда кызмат өтөгөндөн кийин, Суусамыр башкы кой чарба бирикмесинде электр слесары (1978-80), Суусамыр совхозунда механик (1986-90), башкы инженер (1990-93), Суусамыр «Агро жабдуу техсервис» ишканасында директор (1993-96), «Суусамыр» Дыйкан Чарба Бирикмесине башкы инженери (1997-99) болуп эмгектенген.
  • 1999-2001-жылдары Суусамыр айыл өкмөтүндө айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адис болуп иштейт.
  • 2001-жылдан жеке чарбасы менен алек тенип келет.
  • Бир нече жолу жергиликтүү жана райондук бийликтердин Ардак грамоталары менен сыйланган.
  • Жаныш уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9