Мамытов Аман

Википедия дан

Мамытов Аман (27. 5. 1927, Ысык-Көл областы, Ысык-Көл району, Бостери айылы – 25. 1. 1999, Бишкек) – Кыргызстанда топурак таануу илимине негиз салуучу, айыл чарба илимдеринин доктору (1962), профессор (1963), Кыргыз ССР Илимдер академиясынын академиги (1961, корреспондент мүчө, 1954), ВАСХНИЛдин (азыркы Россия айыл чарба академиясы) академиги, (1978, корреспондент мүчө, 1973), Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери (1974). К. И. Скрябин атындагы КАЧИнин (1949). 1953–64-жылдары Кыргыз ССР Илимдер академиясынын топурак таануу бөлүмүнүн, ошол эле мезгилде 1953–56-жылдары КМУнун топурак таануу кафедрасынын башчысы. Кыргызстан топурак таануу ИИИнин (1964–66), Орто Азия топурак таануу ИИИнин Кыргызстандагы филиалынын директору (1966–80). 1974-жылдан Кыргыз ССР Илимдер академиясынын президиумунун мүчөсү, 1978–85-жылдары вице-президенти, 1987-жылы академиялык-секретары, ошондой эле Биология институтунун тоо топурагынын пайда болушун изилдөө лабораториянын башчысы. 1980-жылдан Кыргыз ССР Илимдер академиясынын химия-технологиялык жана биологиялык бөлүмүнүн төрагасы жана 1992-жылдан Тоо топурагын таануу институтунун директору. 300дөн ашык илимий эмгеги (анын ичинде 20сы монография) бар. Эмгектери Кыргызстандын топурагын системалоо, классификациялоо, асылдуулугун жогорулатуу, айыл чарба тармактарын ырааттуу жайгаштыруу жана жер кадастрын түзүү иштерине арналган. Кыргызстандын жерлерин ири масштабдуу картага түшүрүү, топурагын бонитировкалоо, агрономиялык топко бөлүү ыкмасын иштеп чыккан. «Кыргыз ССРинин топурактарынын картасы», «Орто Азия республикаларынын топурагынын картасы», «Орто Азия жана Түштүк Казакстандын тоо топурагынын картасы» сыяктуу түстүү карталарды түзүүгө катышкан. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1975–80). В. Р. Вильямс атындагы Алтын медалы, эки Эмгек Кызыл Туу, Эл Достугу ордендери жана медалдар менен сыйланган. Эмгектери: Агрохимические свойства почв Киргизии (в соавторстве). Ф., 1969; Почвенные ресурсы и вопросы Земельного кадастра Киргизской ССР. Ф., 1974; Почвы Киргизской ССР. Ф., 1974.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]