Мамы таш

Википедия дан

Мамы таш – Соң-Көлдүн тескейиндеги археологиялык эстелик. «Жылдыз-Көл» ж. б. майда көлдөрдүн чыгыш тарабында жайгашкан. Жерден 90 смдей чыгып турат, канчасы жер астында экени белгисиз. Ал жерде таш тулгалар жана Аккуланын мамысы да бар. Мамы таш тулгалардан 4–5 мдей обочо жерде. Аккуланын мамысынан саал ичке, төрт кырдуу. Уламыш боюнча Манас кырк чоросу менен Соң-Көлгө келип, Аккуланы мамыга байлап, өздөрү ал жерге эс алып жатып, тамак бышырып, түнөп кеткен. Мамы таш бышырган тамактарды таш тулгадан ат менен ташып жеткирип турган чабармандын аты байланган мамы делет. Таш тулгалар ушул мезгилге чейин ал жерде сакталып калган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]