Манастын он бир дуу-дуга каршы согушу

Википедия дан

Манастын он бир дуу-дуга каршы согушу — эпостогу чоң бөлүм, өз алдынча чыгарма сыяктуу мазмунга ээ эпизоддордун бири, эпостун жалпы сюжеттик өнүгүүсүндө өзүнчө бутак. Көптөгөн майда окуялардан турат. Белгилүү манасчылардын көбүнүн варианттарында кеңири иштелип чыкпаган. Шапак Рысмендеевдин варианты менен Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында өзүнчө окуя түрүндө учурайт. Айрыкча Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында Сагымбай Орозбаковдун вариантына жакын планда айтылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4