Манасчылардын айтышы

Википедия дан

Манасчылардын айтышы — кыргыз элдик оозеки чыгармачылыктагы жанр. Айтыш ырчылар, чечендер, айтуучулар (манасчылар, семетейчилер) арасында чыгармачылык кудуретин, чеберчилигин сыноо үчүн жүргүзүлгөн. Манасчылардын Айтышы чоң төкмөлүк өнөрдү талап кылат жана өзүнчө өзгөчөлүктөргө ээ. Мелдештин шарты боюнча «Манас» айтууну бирөө баштап, ал токтогон жерден экинчиси, үчүнчүсү улап кеткен. Кээде белгилүү бир окуяны же үзүндүнү кимиси ары кызык, ары узак жана көркөм аткарганына карап баалашкан. Сөз кудуретин жогору баалаган угуучулардын сынынан айтуучунун аткаруучулук манерасы да куру калбаган. Изилдөөчүлөр айтыш боюнча элге атагы кеңири тараган манасчылар катары Балык , [[Найманбай] , Назардын ысымдарын аташат. 1917-ж. кыш маалында Какшаалда (азыр КЭРде) жүргөн Сагымбай менен какшаалдык манасчы Жусубакунду «Манас» айттырышат. Сагымбай жети кан колу менен келип, Манастын колу Бээжинге аттангандагы эпизоддон баштап, күнү-түнү тынбай айтат. Анан Сагымбайды токтотуп, Жусубакунга ошол жерден ары айттырышат. Ал да күнү-түнү тынбай улантат. Андан кийин экөөнү айткандарын алмаштырып, кайрадан айттырышып сындашат. Эки манасчыга төрт күнү-түнү «Манас» айттырышып, экөөнө тең жакшы баа беришип, ат тартып, тон кийгизишет (Макелек Өмүрбай, «Жусуп Мамай». «"Кыргызстан Маданияты"», 1988, № 41). Кезегинде Назар манасчы менен айтышынан кийин Тыныбектин даңкы чыга баштаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4