Мандарин

Википедия дан

Мандарин (mandarine) – руталар тукумунун цитрус уруусундагы дайыма жашыл субтропиктик өсүмдүк. Мандариндин 1 (башка маалымат боюнча 13) түрү бар. Көп эгилген түрлөрү: уншиу, понкан, танжерин, италян, кинг, кино-куни. Жапайы түрү белгисиз. Негизинен Япония, Кытайда, Түштүк Европа өлкөлөрүндө жана Түштүк Америкада, КМШ өлкөлөрүндө негизинен Грузияда, Азербайжанда өстүрүлөт. Көбүнчө уншиу мандарини (C. unshiu) көп тараган. Бийиктиги 3 м (20–25 жылдык дарагыныкы), шактуу, тикенсиз. Жалбырагы чоң, калың, сүйрү. Гүлү чоң, кош жыныстуу. Мөмөсү (салмагы 60—80 г) көбүнчө уруксуз, кабыгы саргыч кызыл, оңой аарчылат. Сулпу кызгылт сары, ширелүү, 8–10 бөлүктөн турат. Маңызында 2,87–10,5% кант, 0,95–1 мг% кислота (негизинен лимон кислотасы), 23–55 мг% С витамини ж. б. бар. Мөмөсү желет жана андан кыям, компот даярдалат. Кабыгында пектин заттары, эфир майы менен гликозиддер арбын болуп, тамак-аш жана парфюмерия өнөр жайында, эфир майын алууда пайдаланылат. Мандариндин бардык түрүнөн уншиум мандарини суукка байымдуу (жалбырагын –6,5°С температурада үшүк чалат). Акиташтуу, чириндилүү топуракта жакшы өсөт. Бир га жердеги 10–12 жылдык дарагынан 50 тоннага чейин түшүм алынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]