Мандат

Википедия дан

Мандат (лат. mandatum – тапшыруу) – өкүлчүлүк уюмундагы депутаттын укук-бийлигинин мыйзамдуулугун жана көлөмүн мүнөздөгөн документ. Ал жарыяланган иш-милдет, анын мазмуну конституция жана конституциялык-укуктук нормалар менен аныкталат. Мандат укугу демейде депутаттык кол тийбестикти, анын ишмер­дүүлүгү үчүн берилчү маянаны да камтыйт. Ошондой эле депутаттын жана шайлоочулардын өз ара мамилелеринин формасын да аныктайт. Демократиялык мамлекеттерде жалпы улуттук мандат кабыл алынган, ошондон улам депутат кандайдыр бир шайлоо округунун эмес, жалпы улуттун өкүлү деп эсептелет, өз ишинде ал эч кандай суроо-талаптарга байланбайт (императивдүү мандат) жана мандат мөөнөтү бүтмөйүнчө депутаттыктан кайра чакырылууга тийиш эмес. Көптөгөн мамлекеттердин (Италия, Германия, Франция ж. б.) конституцияларында императивдик мандатка түздөн-түз тыюу салынган. советтик типтеги мамлекеттердин конституциялары императивдик мандаты, башкача айтканда депутаттын өз шайлоочулары алдында жоопкерчиликтүү экенин көрсөткөн, шайлоочулары болсо депутаттарына суроо-талаптарды коюп, мыйзамда белгиленген учурларда кайра чакырып алууга укуктуу болушкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]