Мандельштам, Леонид Исаакович
Мандельштам, Леонид Исаакович [22. 4(4. 5). 1879, Могилёв —27. 11. 1944, Москва] — советтик физик, радиофизика мектебин түзүүчүлөрдөн, СССР ИАнын академиясы (1929; корр. мүчө, 1928).
1897-ж. Одессадагы Новороссия университитине кирген. 1925-жылдан Москва университитинде профессор. 1934-жылдан СССР ИАнын Физика институтунда иште- ген. Мандельштам негизинен оптика, теориялык физика, радиофизика жанa радиотехника боюнча илимий иш жүргүзгөн. 1928-ж. Ландсберг менен бирге жарыктын айкалышкан чачыроо кубулушун ачкан.
1938-ж. Папалекси менен биргелешип, аралыкты так аныктоочу радиоинтерференция методун иштеп чыккан. В. И. Ленин атындагы сыйлыкты (1931), СССР мамлекеттик сыйлыгын (1942) алган. Ленин ордени жанa Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.