Мандолина

Википедия дан

Мандолина (италянча mandolinо) – кылдуу чертме музыкалык аспап, 16-кылымдан тартып колдонула баштаган. Мандолина Италияда (Неаполь) пайда болуп, 18-кылымдан кеңири таралган. Эң кеңири тараган түрү – Неаполь мандолинасы, неополитандын сопрано мандолинасы жупталып тартылган төрт кылдуу, квинта добуш аралыгына күүлөнөт. Мандолинанын аягы томпогой, 4 түгөйлүү кылы жана кыска моюнчасында металл беренеси бар, башы жалпагай келип, тоголок буроолор орнотулган. Узундугу 610–635 мм. Скрипкадай эле квинтада толгонот. Медиатор менен чертилет. Мандолина жеке аткаруучулукта жана ансамблдерде колдонулат. Курамында мандолина жана гитаралар болгон оркестрайонеополитан оркестри деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]