Манжур мамлекети

Wikipedia дан

Манжур мамлекети – Түндүк-Чыгыш Кытайда япон империалисттери түзгөн мамлекет (1932–45). Манжур мамлекетинин аймагы 1млндон ашык км2 түзүп, калктын саны 30 млн киши болгон. Борбору – Чанчун, кийин Синьцзян шаары болуп, япондуктар Манжур мамлекетин согуш плацдармы катары пайдаланган. 1931-жылы 18–19-сентябрда Япония Шэньян (Мукден) районунда Түштүк Манжурга тиешелүү темир жолду буздуң деген шылтоо менен Кытайдын түндүк-чыгыш аймагына аскерлерин кийирип, анын үч провинциясын басып алган. Манжур мамлекетин негизинен япон империалисттеринин өкүлдөрү башкарып, жергиликтүү калкты ырайымсыз эзген. Япон милитаристтери армиянын санын көбөйтүп, жол түйүндөрүн, аэродром ж. б. согуш объектилерин куруп, коңшу мамлекеттерге (СССР жана МЭР) каршы согуш чагымдарын уюштурган. 1945-жылдары августта Түндүк-Чыгыш Кытай япон баскынчыларынан бошотулган соң, Манажур мамлекети жоюлган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]