Манжы I.

Википедия дан

Манжы I. шаман дининдеги ритуал учурунда кийилүүчү кийимге (тонго) жана таягына (жезл) байланган ыйык деп эсептелүүчү кездемелердин кесиндиси. Ошол эле учурда шамандын «сырткы дүйнө» менен «сүйлөшүүсү» учурунда ритуал аткарылуучу ак кайыңга жана боз үйдүн устундарына илинип туруучу тыйын, түймө- топчу кадалып, тигилген кызыл түстүү кездеменин кесиндиси, боркусу (лента). Өтмө маанисинде шамандын ритуал (дубалоо) учурунда кийүүчү кийимин туюнтат. Термин кыргыздын бугу уруусунун курамындагы уруктун аталышы катары маалым.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]