Манжы II.

Википедия дан

Манжы II. «Манас» дастанында жердин жана элдин энчилүү аты катары чагылдырылат. Мындан сырткары, «Манас» эпосунун эволюциялык өнүгүүсүндө эпизоддук кейипкерге айланган. Этноним башка маанини да туюнтат. Энесайлык кыргыздардын урпактары болгон хакастарда «манжы» төмөнкү маанилерди туюнтат: 1-Шамандын ритуалдык кийимине же таягына (жезл) тагылуучу ыйык деп эсептелүүчү кездеменин кесиндиси (лента); 2.Шамандын «сырткы дүйнө» менен «сүйлөшүүсү» учурунда ритуал аткарылуучу ак кайыңга жана боз үйдүн устундарында илинип туруучу тыйын, түймө-топчу тигилген кызыл түстүү кездеменин кесиндиси (лента); 3. Өтмө маанисинде шамандын ритуалдык кийими.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]