Манипулятор

Википедия дан
Кран-манипулятор

Манипулятор – оператордун башкаруусу менен колдун кыймылына окшош кыймыл (манипуляция) аткаруучу механизм. Ал иштөөгө кооптуу же кыйын шарттарда колдонулат. 1) тоо кен ишинде бургулоо кареткасынын негизги механизми; ал үңүлмө (забой) жанында перфоратордуу автобергичти жылдырат. Түзүлүшү боюнча радиалдуу (айлануучу), сызыктуу, колонка жана жаа сымал болуп бөлүнөт. Манипулятор пневматикалык, гидравликалык жана айкалыштырылган (кээде кол менен иштөөчү) кыймылдаткыч менен иштейт; 2) металлды басым менен иштетүү процессинде тетиктердин ордун алмаштыруучу машина. Прокатка манипулятору металлды бир калибрден экинчисине которуу, багыт берүү, түздөө операцияларын аткарат. Согуу манипулятор барскан жана гидравликалык процессте согуу жана штамптоо операцияларын механикалаштырууда колдонулат; 3) ядролук техникада радиоактивдүү заттар менен иштөөдө ошол заттарды адамга тийгизбөөчү механизм. Мындай манипуляторлор менен коргоочу дубалдын артындагы буюмду кармап, ордунан жылдырат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]