Манипуляциялоо (саясатта)
Манипуляциялоо (саясатта) - (фр. manipulation, лат. manus - сөзүнөн чыккан кол) - алардын керектүү бийликтик же коомдук түзүмдөргө карай каналдашуусунда коомдук пикирге жана саясий жүрүм-туруму таасир этүү процесси.
Манипуляциялоонун максаты - көрсөтмөлөрдү, стереотиптерди, максаттарды киргизүү, массаны популярдуу эмес иш-чараны кабыл алууга түртүү ж.б. Инсандык деңгээлде Манипуляциялоо анын нарцисстик сапаттарын арттырат, фантазияларынын салмагын жогорулатат, аны айлана-чөйрөгө (табигый жана социалдык) сезимсиз кылат. Ал перифериялык аңдалбаган кабылдоолорго таянат, диний, саясий жана экономикалык пландагы божомолдорду эксплуатациялайт, социалдык идеяларды жарнамалайт, «ыңгайлуу» саясий образдар менен баалоолорду түзөт, массалык саясий маданияты таңуулайт. Массалык коммуникациялар боюнча адистердин ырастоосунда бул «мазмундун инженеринин» «жеке жана жамааттык эркин эркти» четке кагуунун эсебинен түзүлөт. Манипуляциялоого саясатчылар менен диний теле үгүттөөчүлөр, маркетинг жана массалык маалымат каражаттары боюнча адистер ж.б кирет.
Манипуляциялоонун биринчи кезекте телекөрсөтүү аркылуу жүзөгө ашырылган азыркы техникасынын өзгөчөлүктөрүнүн бири - объективдүү маалымат эгерде популярдуу стереотиптерге карты келсе, өчүү тенденциясына ээ болоорлугу, ал эми чын эле жаман жаңылыктар
- - эстен такыр унутулаарлыгы. Ошол эле мезгилде Манипуляциялоонун техникасы массалык сезимдерге, элестөөлөргө, күтүүлөргө, баалоолорго таянат, жамааттык элестөөлөргө жана массалык психоздорго даяр болот.
Манипуляциялоонун каражаттары
- - саясий индоктринация, социалдык-психологиялык таасир, белгилүү бир мобилдешкен тил түзүлүшүн жана жүрүм-турум формаларын колдонуу, активдүү «мен» жана массалык маалымат каражаттарын комплекстүү пайдалануу.
Манипуляциялоо өзүнүн «логикалык эмес логикасына» ээ. Ага таянган индивиддер менен топтор идентификацияланган ой жүгүртүүгө келишет, б.а., өздөрүн кайсы бир идеалдуу homo politicus ке окшоштурушат, «калыс судьянын» ролун аткарышат ж.б.; компромиссиз ой жүгүртүүгө, «алтын ортолукту» табууга, ден соолуктуу ойго; буюмдардын чыныгы абалына эмес, символикалык реалдуулугуна багытталууга келишет.
Ал эң эле окшош эмес процесстер менен кубулуштар белгилене турган «эки ойлуулукка», «эки сөздүүлүккө», «тайсалдаган» сөздөргө таянат (кара: Социалдык мимикрия).
Манипуляциялоонун көп түрдүүлүктөрүнүн бири - өзүн-өзү ишке ашырган пайгамбарлык. Коомдор согуштан качыш үчүн куралданышат, бирок ошонусу менен алар анын болорлугун жакындатышат. Улутчулдук менен идеологиялык шовинизмдин күчөшү - буларга башка нерселер күмөн салынып тургандыгынын жыйынтыгы. Оору жөнүндө ойлогон адам ага чалдыгышы мүмкүн... Бул мыйзам ченемдүүлүктөрдү билип туруп, Манипуляциялоого кызыкдар күчтөр (аскердик-өндүрүштүк комплекс, идеалдаштырылган саясатчы, кардары көп дарыгер) тийиштүү механизмдерди иштетип коё алышат. Манипуляциялоого каршылык дайыма болгон жана боло берет. Муну саясий активдүүлүктүн (чечимди же претендентти тандоо учурунда), экономикалык жакшылыктын (көбүрөөк канааттанган керектөөчүлүк - прожективдиктен алыс), үй-бүлөлүк, топтук байланыштардын тереңдеши, баалоодогу тандай билүүчүлүк, пикир айтуудагы ачыктык, коомдун ачыктыгы, социалдык турмушту уюштурууда көп түрдүүлүктү көрө билүү сыяктуу эле маданий өнүгүүнүн деңгээлинин жогорулашы жөндөмдөштүрөт.
Азыркы Манипуляциялоо тездикке, «бардыгы бир адамдай» принцибине, бир эле мезгилде аудио-, видео- жана басма соз каражаттары менен таасир этүүгө, компьютерлерди жекелешпөөнүн каражаты катары колдонууга, элестөөнүн ыкчамдатылган ишине багытталган. Массалык маалымат каражаттарынын өнүгүшү массалык аудиторияны саясий манипуляцияга аз дуушар кылат (бул биринчи кезекте жаңылыктарды жайылтуу системасына тиешелүү). Бирок бул каражаттар өздөрүнө социалдык көзөмөл жана саясий таасир этүү (ал эми мындай аракеттер улам жогорулоодо) милдеттерин алышат. Жыйынтыгында Манипуляциялоонун жигердүүлүгү күчөшү мүмкүн. Бул көз карандысыз даты, ошол эле учурда мамлекетке тиешелүү дагы массалык маалымат каражаттарынын ишин кеңири демократиялык көзөмөлгө алууну актуалдаштырат.
Манипуляциялоо көп учурда жашыруун апелляцияларга байланыштуу, алар баарыдан мурда тийиштүү аппаратты өзү үчүн камсыздоону жана шпиономанияны көздөйт. Бирок ошол эле учурда ал ашыкча маалыматтар, терс интерпретациялар, фактыларды бурмалоолор жана «кансыз» жеңиштер менен качып кеткис кыйроолор жөнүндөгү ойлонулган сценарийлер менен шайкеш келет. Бышык багыттарга таянган дени сак ой жүгүртүү менен саясат Манипуляциялоо менен бириккис. Манипуляциялоонун конструктивдүү эместиги жана аморалдуулугу убакыттын өтүшү менен ар бир коомдо таанылат. Манипуляциялоонун формаларынын бири «ойдун өзгөрүшү», бул эгерде адам «чыныгы, туура идеологияны» кабыл алса, анда индивиддин саясий жана социалдык баалуулуктары радикалдуу түрдө трансформацияланышын аныктайт. Мындай каражат инквизиторлор тарабынан эле мурда колдонулган, ал 20-30-жж. СССРде «эмгек менен кайра тарбиялоо» тажрыйбасында, Кытайдагы маданий революциянын жүрүшүндө ж.б. колдонулган. Манипуляциялоонун ыкмаларынын эң мыкты иллюстрациялары болуп О.Хаксли менен Ж.Оруэллдин антиутопиялары эсептелет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8