Манифест
Көрүнүш
Манифест (латынча manifestum – чакыруу) – 1) мамлекет башчысынын же мамлекеттик бийликтин жогорку органынын калкка багытталган өзгөчө актысы. Кандайдыр бир маанилүү саясий окуяларга, салтанаттуу датага байланыштуу кабыл алынат; 2) бажы органдарына кеме жетекчилиги көрсөтүүчү документ. Анда кемедеги жүк жөнүндө маалымат болот; 3) саясий партиялардын, агымдардын, бийлик органдарынын кайрылуусу, декларациясы; 4) кандайдыр бир багыттын же топтун адабий же көркөм принциптеринин жазуу жүзүндө баяндалышы.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7