Манкеев, Бекмырза Жумабекович

Википедия дан

Манкеев Бекмырза Жумабекович — Ардактуу ирригатор 1952-жылы 12-февралда эмгекчинин үй-бүлөсүндө туулган. Жети атасына кайрылсак, атасы Жумабек, чоң атасы Манке, бабасы Байтегин, бубасы Осунбек, кубасы Сарман, жетеси Коёш, жотосу Жакып. Солто уруусунан. 1959-1967-жылдары 3-интернационал атындагы орто мектепте окуган. Эмгек жолун 1968-жылы Кант районунун "Алга" колхозунда чабандык кесип менен баштаган, 1973-1915-жылдары Советтик Армиянын катарында аскердик кызматын өтөп келген. 1976-1977-жылдары талаачылык бригадасында эсепчи, 1978-1987-жылдары бригада жетекчиси, 1988-1999-жылдары чарбада башкы агроном болуп иштеген. Иштеп жүргөн мезгилде адегенде, Канттагы айыл чарба техникумунунан, андан соң борборубуздагы К.И.Скрябин атындагы айыл чарба институтунан агроном адистигин алып чыккан. Бекмырза Жумабекович Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн аймагында 1998-жылы уюшулган "Узун-Кыр" суу пайдалануучулар ассоциациясын негиздеп, алгачкы жетекчиси болгон. Өмүрүнүн акырына чейин ошол уюмду жетектеп, сырттан инвестицияларды тартып келип, уюмдун материалдык, техникалык базасын чьщдап, ички сугат тармагын жакшыртууга зор салым кошту. Эмгектери бааланып, бир канча мамлекеттик баалуу сыйлыктар, дипломдор жана айылдык, райондук, областтык кеңештердин Ардак грамоталары менен сыйланган. Жубайы Анара менен эки уул, эки кызга тарбия беришип, үч неберенин ардактуу таятасы, таенеси болушту. "Өзгөчө адам көңүлүн аздектеп, улуу-кичүү дебей, баарына бирдей мамиле жасап, ар качан бирөөгө жардам көрсөтүүгө даяр турган илбериңкилиги шайдоот мүнөзү жарашып турчу. Аттиң бир кем дүйнө! Ичибизди эңшерип кеткен бир боорубуз ак көңүл, чын көңүлдөн карс-карс күлгөн, ичи тышына чыгып турган айкөл адам эле. Бул эскереме сага кылган зыйнатым. Урпактарга белек болуп калсын деп жаздым. Көлдөн келгени ушул гана",-дейт СПАнын кеңешинин мүчөсү Алмаз Асанкеевич.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Инсандар таржымалы.Бишкек 2007-ж.