Манкурт

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Манкурт – тарыхый эс-тутумун, адеп-ахлактык, руханий баалуулуктарын жана багыттарын, ошондой эле өз эли менен болгон байланышын жоготкон адам. Термин Ч. Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романында киргизилген. Заманбап илимий адабиятта: «ааламдашуу (глобализация) шарттарындагы постсоветтик доордо Батыш-Чыгыш маданиятынын ортосунда чалынган маргиналдан айырмаланып, манкурт кара курсак менен кызыл кекиртектин керектүүлөрүн канааттандыруу максатында, болор-болбос акча үчүн өз маданиятынан баш тартат же аны унутат да, Батыш маданиятынын өзүнө жат, чоочун элементтерин толук өздөштүрөт. Тилекке каршы, аны Батыш да, Чыгыш да маданияты кабыл албай, ал түрткүнчүккө айланат. Жоломан өз энесин өлтүргөндөй, Батыш төлөгөн акча үчүн өз маданиятын өлтүрүүгө, ата-бабасынын арбагы жаткан, алардын көрүстөнү турган, өз балалыгы өтүп, балдары туулган жерди сатууга даяр»,– деген пикир пайда болду.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]