Мантуя

Википедия дан
Мантуя

Мантуя (италянча Mantova, латынча Mantua) – Италиянын түндүгүндөгү шаар. Ломбардия областында, Мантуя провинциясынын административдик борбору. Шаардын тарыхый борбору Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Минчо дарыясы По дарыясына куя бериштеги кенен салаада жайгашкан. Калкы 47,1 миң (2010; агломерациясында 100 миңден ашык). Деңиз порту. Темир жол түйүнү. Шаар биздин заманга чейинки 6-кылымда негизделген. Алгач 819-жылдагы документтерде эскерилет. Орто кылымга таандык архитектуралык эстеликтери – роман ратондасы (11-кылымдын 2-жарымы), муниципалдык ак сарайлар (13-кылым), собор.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]