Мануйлова Ольга Максимилиановна
Ольга Максимилиановна Мануйлова | |
Портрет | |
Туулган датасы: | |
---|---|
Туулган жери: | |
Өлгөн датасы: | |
Өлгөн жери: | |
Сыйлыктары: |
Орден Трудового Красного Знамени |
Мануйлова Ольга Максимилиановна (1893-жылдын 17 [29]-октябрында Төмөнкү Новгороддо төрөлгөн — 1984-жылы Фрунзеде көз жумган) — советтик скульптор, Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү.
Өмүр баяны жана чыгармачылык ишмердиги
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Мануйлова (төрөлгөндөгү фамилиясы - Тихомирова) Ольга Максимилиановна 1893-жылы 17 (29)-октябрда Төмөнкү Новгород шаарында интеллигенттин үй-бүлөсүндө туулган.[1]
Атасы Максимилиан Петрович Тихомиров аскердик дарыгер, медицина илимдеринин доктору, микробиолог болгон. Кийин Луи Пастердин лабораториясында иштеген. Апасы дворяндардын үй-бүлөсүнөн чыккан, бир нече тилди билген, мындан улам Ольга Максимилиановна да төрт тилде эркин сүйлөгөн.
1895-жылдан тарта Тихомировдордун үй-бүлөсү бир нече жолу Европанын бир өлкөсүнөн экинчисине көчүп-конуп жүрүшкөн (анын ичинде Германияда, Францияда, Швейцарияда, Италияда жашашкан). Эң узак убакыт – он жыл алар Польшанын Варшава шаарында жашашты. 1907-жылы алар Самаркандга көчүп барышат, ал жерде он төрт жаштагы Ольга Максимилиановна биринчи жолу азиялык экзотика менен таанышат.][2]
1912-жылдан тарта Мюнхенде Ольга Мануйлова скульптор Хоффштедтер менен Швегерледен скульптураны үйрөнө баштаган, Вельфлиндин искусствонун тарыхы боюнча лекцияларын жана профессор Мольенин анатомия боюнча лекцияларын уккан. Бул жерден ал болочок күйөөсү, скульптор Аполлон Мануилов менен таанышкан.[2]
1913-жылдан баштап Москвадагы живопись, скульптура жана архитектура окуу жайынын скульптура бөлүмүндө окуп, аны 1916-жылы аяктаган.
1920-жылы күйөөсү жана кызы Марина менен Орто Азияга, тактап айтканда, Ташкентке кайтып келип, кыздарга сүрөт тартууну үйрөткөн, бирок жолдошунун ден соолугуна байланыштуу Мануйловдор ал жерде көпкө турушкан эмес.
Ольга Максимилиановна Фрунзе шаарына келгенге чейин анын чыгармачылык тагдыры бир нече бурулуштарды башынан кечирди. Ольга Мануйлова Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда медайым, китепканачы, Ясная Полянада экскурсовод, жабыштырып жасоого үйрөткөн мугалим, дизайнер болгон, бирок ал дайыма скульптор бойдон кала берген.
1926-жылы Мануйловдор Ленинграддагы Адмиралтейство устаканасында иштеп, чиймелер боюнча ар түрдүү өлкөлөрдүн аскер кемелеринин макеттерин жасашкан. Ольга Максимилиановна бир нече чоң аскердик панорамаларды даярдаган, ал ошондой эле ар кайсы өлкөнүн аскер кийимдерин кийген моряктардын фигураларын чампалаган. Ошентип ал деңизде кемеде 6 ай иштеген.
1932-жылы Ясная Поляна музей-усадьбасынын скульптуралык жасалгалоосуна катышкан. Ал бир нече скульптуралык портреттерди, анын ичинде жазуучунун жубайы Софья Андреевнанын портреттерин жараткан. Тилекке каршы, бул эмгектердин баары Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Ясная Полянаны гитлерчилер басып алганда жок болгон.
1938-жылы Ольга Мануйлова Москвадагы Бүткүл союздук айыл чарба көргөзмөсүндө Өзбек ССРинин павильонунун жасалгалоосу менен алектенген. Бул жерде “Сугатчы” жана “Пахта терүүчү”, кийинчерээк “Дударист” аттуу скульптуралар жаралган. Мындан тышкары Ольга Максимилиановна аянты 160 чарчы метр болгон барельефти жасаган.
1939-жылы Ольга Мануйлова Кыргыз ССРинин өкмөтүнүн чакыруусу менен Бишкекке келип, Токтогул Сатылгановдун эстелигинин долбоорунун үстүнөн иштеген. Бул эстелик борбор калаада 1940-жылы тургузулган. [3]
Согушка аз калганда Фрунзеде капиталдык коомдук имараттар, анын ичинде архитектор В В. Верюжскийдин долбоору боюнча республикалык прокуратуранын имаратынын курулушу башталган. Советтик Конституция темасында фронтондун фризинин үстүнөн иштөө тапшырмасы Ольга Мануйловага берилген. Рельефти натуралдык чоңдукта жасоо иштерине Ольга Мануйлова жаш скульпторлор Г.Апаров менен С.Карпетченкону тарткан, бирок алар согушка кеткендиктен, скульптор ишти өз алдынча уланткан.
Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында Мануйлова жолдошу скульптор А. Мануйлов менен маркум генерал И.Панфиловдун монументинин үстүнөн иштей башташкан. Бул монумент – Советтер Союзунда Ата Мекендик согуш жылдарында тургузулган биринчи эстелик болуп саналат. Эстелик бетондон жасалган.
Согуштан кийинки жылдарда республикада скульптуранын өнүгүшү жаңы дем алып, О. Максимилиановнанын чыгармачылыгы жанрлардын көп түрдүүлүгү менен мүнөздөлгөн. Ошентип, “Манас” элдик эпосунун темаларын алсак, Ольга Мануйлова рельефтери улуттук оймо-чиймелер менен кооздолгон кооз буюмдарды жараткан.
1947-жылы Ольга Мануйлова Ж.Бөкөнбаевдин эстелигин, Мураталы Күрөңкеевдин портретин жасап бүтүргөн.
1950-жылы ал “Минералдык суулар” павильону үчүн “Чөйчөк көтөргөн кыздын” фигурасын жасап бүтүргөн. [4]
О.Мануйлова “Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү” наамын көзү тирүү кезинде алган.
1984-жылы Кыргыз ССРинин Фрунзе шаарында каза болгон.[2]
Сыйлыктар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1958-жылы “Эмгек Кызыл Туу” ордени менен сыйланган.
Эстутум
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1973-жылдын 22-сентябрында Н.С.Черных (КрАО, Научный конушу) ачкан негизги алкактын астероидине (3186) О.Мануйлованын ысымын берген (1973 SD3). [5]
2000-жылы Бишкекте скульптордун өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган О.М.Мануйлованын мемориалдык үй-музейи ачылган. Бул үйдө О.М.Мануйлова 1948-1984-жылдары жашаган. Музейдин коллекциясында устаттын 50гө жакын скульптуралык эмгеги (бюсттар, жыгачтан, металлдан, гипстен, мрамордон жасалган барельефтер), үй-бүлөлүк сүрөттөрү, 1893-1898-жылдардагы өздүк китепканадан алынган китептер, документтер бар.[6]
Мыкты эмгектери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]“Манасчы Тоголок Молдо” (1940) жана Эркиндик бульварындагы юстиция имаратына (жылы белгисиз) тартылган олуттуу образдык күчкө ээ барельеф фризи (Г. Арапов менен С. Карпетченконун катышуусу менен).[7]
Негизги эмгектери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Монументалдык скульптуралар
- Композитор Мураталы Күрөңкеев. Бюст. 1940. Бетон. Республикалык музыкалык окуу жайы. Бишкек.
- Советтик Конституция. Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын фронтонундагы барельефтик фриз. 1940. Цемент. Бишкек.
- Генерал И.В. Панфиловдун эстелиги. 1942. Гранит, бетон. Бишкек. Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын фасадында скульптуралык топтор. 1942. Бетон. Бишкек.
- Тоголок Молдонун эстелиги. 1965. Гранит. Бишкек.
- Станок скульптуралары
- Колхозчу кыз. 1941. Металл. 48x20x28.
- Фронтко жардам. 1941. Металл. 98x20x70.
- Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиев. 1943. Тегерек барельеф. Гипс. Диаметри 50.
- Эл артисти Мураталы Күрөңкеев. 1949. Гипс. 80x70x45.
- СССРдин эл артисти Сайра Кийизбаеванын портрети. 1951. Гипс. 80x30x43.
- Жаш кыргыздын портрети. 1952. Коло. 63x26x26.
- Испаниялык бийчи М. Альбериига. 1952.43x26x15.
- Социалисттик Эмгектин эки жолку Баатыры И.Кочкорбаев. 1960. Дарак. 49x30x31.
- Токтогулдун окуучусу, акын Коргоол. 1968. Дарак. 39x26x23.
- Жаш Манас ажыдаарды жоошутууда. 1971. Коло. Диаметри 35,5.
- Алмамбет менен Сыргак ажыдаарларды жеңип, Кытайдын чек арасын кесип өтүүдө. 1971. Коло. Диаметри 32.5. [3]
Баа
[түзөтүү | булагын түзөтүү]“Чыгармалардын сюжеттик схемасын өтө кылдаттык менен иштеп чыгууну Мануйлованын искусствосунун өзгөчөлүгү деп атаса болот. Ал көбүнчө Месароштукундай таза пластикалык эмес, көбүрөөк баяндоочу, атүгүл “адабий” мүнөзгө ээ, ошондой эле лирикалык тиричиликти камтыйт, кичинекей, кээде экинчи даражадагы деталдарга жана атрибуттарга өзгөчө көңүл бурат, мунун натыйжасында өз алдынча мааниге ээ болгон кооздук жаралат”. Попова О.
Жарандык милдет сезиминин күчтүү болгону, атасынан ага өткөн демократизм Мануйловага өзүнүн баатырларын, эмгекти сүйгөн адамдарды издөөгө жана табууга жардам берди, - деп жазган А.М.Жмаев Ольга Максимилиановнанын “Эскерүүлөр барактары” китебинин кириш сөзүнө.[8]
Белгилүү окумуштуу жана педагог, профессор Л.Шейман Ольга Мануйлова тууралуу “50-60-жылдардагы орус жана кыргыз чыгармачыл интеллигенциясынын плеядасынын катарында шаардын баалуу өзгөчөлүктөрүнүн бири” деп айткан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Акынбекова М.Б. КЫРГЫЗСКОЕ ВАЯНИЕ/ НАУКА И НОВЫЕ ТЕХНОЛОГИИ, № 5-6 - 153-156 с. Archived 2022-02-09 at the Wayback Machine
- Владимир Кучин. Нижнегород аймагынын он кылымы. 1152—2018. Экинчи топ. М—Я Автору: Владимир Кучин
- Кыргыз сүрөт искусствосу: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:, 2004
- Жмаев А.М. Эскерүүлөр барактары. Мануйлова О. М. — Фрунзе: Кыргызстан, 1980.
- Карпов И. И., О. М. Мануйлова, Фрунзе, 1958.
- Шестопал В.А. /СТАНОВЛЕНИЕ ПРОФЕССИОНАЛЬНОЙ СКУЛЬПТУРЫ В КЫРГЫЗСТАНЕ - Вестник КРСУ: 2018, Том 8. №9 - 52-54 с. Archived 2022-02-09 at the Wayback Machine
Шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Личность Кыргызстана: Скульптор Ольга Мануйлова // https://limon.kg/ru/news:65211
Мануйлова Ольга Максимилиановна // https://www.open.kg/about-kyrgyzstan/famous-personalities/artists-kyrgyzstan/32597-manuylova-olga-maksimilianovna.html
3186 Manuilova (1973 SD3) // https://ssd.jpl.nasa.gov/tools/sbdb_lookup.html#/?sstr=3186
Мемориальный Дом-музей О. М.// https://www.vb.kg/doc/256904_memorialnyy_dom_myzey_o._m._manyylovoy_obnovil_ekspoziciu.html
- ↑ https://limon.kg/ru/news:65211
- ↑ 2.0 2.1 2.2 https://www.krsu.edu.kg/images/periodicals/2012/rus_slovo_12_04.pdf
- ↑ 3.0 3.1 https://www.open.kg/about-kyrgyzstan/famous-personalities/artists-kyrgyzstan/32597-manuylova-olga-maksimilianovna.html
- ↑ архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 9 -февраль (бирдин айы) 2022. Түп булактан архивделген күнү 9 -февраль (бирдин айы) 2022.
- ↑ https://ssd.jpl.nasa.gov/tools/sbdb_lookup.html#/?sstr=3186
- ↑ https://www.vb.kg/doc/256904_memorialnyy_dom_myzey_o._m._manyylovoy_obnovil_ekspoziciu.html
- ↑ 7.0 7.1 архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 9 -февраль (бирдин айы) 2022. Түп булактан архивделген күнү 9 -февраль (бирдин айы) 2022.
- ↑ Мануйлова О. М. (жазып алган: А.М. Жмаев). Эскерүүлөр барактары. — Фрунзе: Кыргызстан, 1980.