Мараимбеков Кадырбек Рысбекович

Википедия дан

Мараимбеков Кадырбек Рысбекович (18.7.1963-ж.т., Сумсар айылы) - коомдук ишмер.

  • Ош мамлекеттик педагогикалык институтун (1990), Москва мамлекеттик социалдык университетинин юридикалык факультетин бүткөн.
  • 1989-90-жылдары Чаткал райондук комсомол комитетинин Сумсар, Шакафтар, Терек-Сай аймагы боюнча катчысы,
  • 1990-91-жылдары Эл депутаттарынын Чаткал райондук кеңешинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы,
  • 1991-95-жылдары Сумсар шаарчалык кеңешинин төрагасы,
  • 1995-98-жылдары Орто Азиядагы алгачкы көз карандысыз “Ош ТВ” телерадиокомпаниясында бөлүм башчы, редактор, директордун орун басары,
  • 1998-2011-жылдан Ош облустук арбитраждык сотунда ага кеңешчи,
  • 2011-13-жылдары Майлуу-Суу шаардык прокуратуранын прокурору,
  • 2013-жылдан Жалал-Абад облустук прокуратуранын улук прокурору.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6