Марги (эл)

Википедия дан

Марги (марраги, мирки) — эл. Нигериянын түндүк-чыгышында Едсерам дарыясынын башатында жашайт.
Жалпы саны 60 миң адам.
Алар түздүктөгү, тоолуу жана батыш болуп бөлүнөт.
Аларга бура, килба, чиббак этностор жакын.
Марги элинин бир бөлүгү канурилердин катуу таасири астында калган.

Тил

Марги тили Афразия макробүлөсүнүн курамындагы чад уясынын борбордук чад тобуна кирет.

Дин

Марги элинин көбү асман, суу (Гути) жана хтондук рухтарга сыйынышат.

Чарбалык иштер

Кол менен иштетилген жер чарба (таруу, жер жаңгак). Малчылык (ири мүйүздүү мал).
Бал чогултуу.

Кол өнөрчүлүк

Кол өнөрчүлүктөрдөн темир устачылык жана карапачылык өнүккөн.

Турак жай

Айылдар таш дубал менен курчалган. Турак жайлары чөптөн жасалган конус түрүндөгү чатыры бар сокмо үйлөр.

Кийим

Булгаарыдан жасалган белдемчилер жана алжапкычтар.

Тамак-аш

Сүт жана жашылча ботколору жана жашылчалардан ачуу татымалдар кошулган тамактар.

Коом

Коомдун негизги институту – бул чоң үй-бүлө жамааты. Нике патрилокалдык. Туугандык эсеп аталык.

Тарых

14-кылымда Борнунун кысымы астында маргилер түндүктөн азыркы жашаган жерине көчүп келишкен. 19-кылымда маргилер Борну жана фульбелердин Адамауа эмиратынан көз каранды болгон.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

https://www.travel-journal.ru/ethno/40/989/(жеткиликсиз шилтеме)