Маржа соодасы

Википедия дан

Маржа соодасы —сүйлөшүлгөн сумманы-маржаны күрөөгө коюу менен соодагерге насыягага бере турган акча жана/же товарларды пайдалануу менен алып-сатарлык соода операцияларын жүргүзүү.[1] Маржа жөнөкөй насыядан, ала турган акчанын суммасы адатта күрөөнүн өлчөмүнөн бир нече эсе жогору болот.[2]

Мисалы, 100 миң еврону АКШ долларына сатып алуу же сатууга контракт түзүү укугун бериш үчүн, адатта далдалчы 2 миң доллардан көп эмес күрөө талап кылат. Маржа соодасы, соодагерге операциялардын көлөмүн ошол эле капиталдагы көлөмдө көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Курстун көтөрүлүшү менен ойногон соодагерлерди, “букалар” деп аташат, ал эми курстун түшүшү менен ойногондорду, б.а. жаппаган сатуу менен алектенгендерди “аюулар” деп аташат.[3]

Тобокелдиктер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Маржа соодасын кеңири пайдалануу, рыноктогу бутүмдөрдүн санын жана суммасын көбөйтөт. Ал соода операциясынын жыйынтыгынын ылдамдыгынын өсүшүнө, тобокелдиктердин өсүшүнө алып келет. Бүтүмдөрдүн көлөмүн көбөйтүү рыноктун мүнөзүнө таасирин тийгизет. Башаламан майда бүтүмдөрдүн көп саны тез өтүмдүүлүктү көбөйтөт, аны турукташтырат. Башка жагынан караганда, эгерде бүтүмдөр бир багытта болсо, алар баалардын термелүүсүн олуттуу түрдө көбөйтө алышат.[4]

Насыялык далыны пайдалануу тез баюуга да, ошондой эле капиталды тез жоготууга да алып келе алат. Статистикага ылайык жеке инвесторлордун 76% эсептери насыялык далынын жардамы менен соода кылганда акчаларын жоготушат.[5] Ошондуктан насыялык далынын оптималдуу чоңдугун табыш үчүн, сатылуучу аспапты кундаштыруусунун орточо өзгөрмөлүүгүнө (волатилдүүлүгүнө) көңүл буруу керек. Өзгөрмөлүүлүгү канчалык жогору болсо, чоң насыялык далыны пайдаланганда, кокустук рыноктук термелүүлөрдөн да олуттуу жоготууларды алып келүү тобокелдиктери ошончолук жогору болушу мүмкүн.[6]

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Margin Definition. investopedia.com. Текшерилген күнү 16 -ноябрь (жетинин айы) 2021.
  2. How a margin loan works. westpac.com.au. Текшерилген күнү 16 -ноябрь (жетинин айы) 2021. Түп булактан архивделген күнү 11 -ноябрь (жетинин айы) 2021.
  3. Too embarrassed to ask: what are “bulls” and “bears”?. moneyweek.com. Текшерилген күнү 16 -ноябрь (жетинин айы) 2021.
  4. The Impact of Margin Trading on Volatility of Stock Market: Evidence from SSE 50 Index. scirp.org. Текшерилген күнү 16 -ноябрь (жетинин айы) 2021.
  5. Is Trading 212 a Scam?. comparebrokers.co. Текшерилген күнү 16 -ноябрь (жетинин айы) 2021.
  6. The dynamics of the leverage cycle. sciencedirect.com. Текшерилген күнү 16 -ноябрь (жетинин айы) 2021.