Маржинализм

Википедия дан

Маржинализм (французча marginal – чегине жеткен) – саясий экономиянын чегине жеткен методологиялык принциптеринин бири; ал экономикалык кубулуштарды талдоодо чегине жеткен санды пайдаланууга, ошондой эле процесстердин мыйзам ченемдүүлүктөрүн изилдеген теория; нарк теориясынын фундаменталдык элементинин чектик пайдалуулугунун төмөндөшүнүн принцибин кабыл алган экономикалык илимдин багыты. 20-кылымдын 70-жылдары «маржиналдык революция» формасында пайда болгон. Маржинализмдеги негизги категориялары (пайдалуулук жана өндүрүмдүүлүк чеги ж. б.) кардарчылык, баа, фирма, рынокто баанын туруктуулугу жөнүндө учурдагы теорияларда колдонулууда. Маржинализм теориясы экономикалык процесстерди изилдөөдө сандык методдорун жана экономикалык илимде математикалык аппаратты натыйжалуу колдонууну, экономикалык модель түзүүнү, талаптын ийкемдүүлүгүн анализдөөнү, оптимум проблемасын коюуну негиздейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]