Марзия Давудова

Википедия дан

Давудова Марзия Юсуф кызы (25. 11(8. 12). 1901-6. 1. 1962) - азербайжан совет актёру, СССР эл арт. (1949).

  • 1942-жылдан КПСС мүчөсү. Чыгармачылык ишин 1917-ж. баштаган.
  • 1920-жылдан Бакудагы азербайжан театрында (азыркы М. Азизбеков атындагы Азербайжан драма театры) иштеген. Негизги ролдору: Севиль (Ж. Жабарлы, «Севиль», 1928), Любовь Яровая (Тренёв, «Любовь Яровая»), Клара (Афиногенов, «Коркунуч»), Гызьетер (Вургун, «Ханлар»), Гулзар (Мамедханлы, «Чыгыш таңы»), Дездемона, леди Макбет (Шекспир, «Отелло»,«Макбет»), Кручинина (Островский, «Кунөөсүз күнөөлүүдөр»), Кабаниха (Островский, «Добул»), Васса Железнова (Горький, «Васса Железнова»).
  • Азерб. СОР Жог. Советинин (2-5- шайл.) депутаты.
  • СССР мамлекеттик сыйл. лауреаты (1948).
  • Эки орден жана мелдалдар менен сыйланган

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.