Марина

Википедия дан

Марина (италянча marina, латынча marinus – деңиз) – деңизди сүрөттөөгө арналган пейзаж живописинин чыгармалары (ушундай эле сүрөт же чекме сейрек кездешет). Ар бир М-дагы негизги жана чечүүчү нерсе – бул деңиз стихиясын анын ар кандай учурунда, көрүнүштөрүндө көрсөтүү жана аны менен адам баласынын күрөшүн чагылдыруу. М. өз алдынча жанр катары Голландияда XVII кылымда пайда болгон. Ушул тармакта адистешкен сүрөтчү маринист деп аталат. Көрүнүктүү маринисттерден болуп К.-Ж. Верне, Д.-В. Тернер, орус живописинде – И. К. Айвазовский эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]