Маринаддоо

Википедия дан

Маринаддоо (французча mariner – туздуу сууга салуу) – жашылча, мөмө-жемишти уксус кислотасын кошуп, консервалоо ыкмасы. Маринаддоо үчүн уксус кислотасынын начар эритмеси пайдаланылат. Маринадга кошулган туз (1–3%) жана татымалдардын курамындагы заттар (эфир майлары ж. б.) микроорганизмдердин өсүшүн басаңдатып, продукциянын узак сакталышына өбөлгө түзөт. Уксус кислотасынын концентрациясына жараша жашылча маринаддары ачуу (1,2–1,8%), кычкыл (0,6–0,9%) жана бир аз кычкыл (0,4–0,6%) болуп айырмаланат. Кийинки экөө жакшы сакталыш үчүн пастерленет. Көбүнчө бадыраң, томат, сабиз, кызылча, капуста, пияз, патисон ж. б. маринаддалат. Мөмө-жемиш маринаддары уксус кислотасынын концентрациясына жараша пастерленбеген (1,0–1,5%), пастерленген ачуу (0,6–0,9%), пастерленген кычкыл-таттуу (0,2–0,6%) болуп айырмаланат. Майда сорттогу алма, алмурут, алча, кайналы, карагат, жүзүм маринаддалат. Маринаддоо алдында жашылча, мөмө-жемиш жуулуп, сорттолуп, тазаланып, тууралып, бланширленип даярдалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]