Марина Овсянникова

Википедия дан
Марина Овсянникова

Марина Владимировна Овсянникова (кыз аты – Ткачук; 1978-жылы 19-июнда туулган, Одесса, Украина ССРи, СССР) ― Биринчи каналда шаарларды тейлөөдө редактор болуп иштеген орусиялык тележурналист. Ал Биринчи каналдагы "Время" программасына Орусиянын Украинага басып киришине каршы плакат менен чыккандан кийин кеңири тааныла баштаган.

Согушка каршы нааразылык акциялары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2022-жылдын 14-мартында миллиондогон көрүүчүлөргө ээ болгон кечки «Время» маалымат программасында Орусиянын Украинага басып киришине байланыштуу түз эфирде ал жаңылыктардын алып баруучусу Екатерина Андрееванын артында орус жана англис тилдеринде жазылган плакат көтөрүп чыккан.

No War

Остановите войну, не верьте пропаганде, здесь вам врут.

Russians against war

Согуш эмес

Согушту токтоткула, пропагандага ишенбегиле, бул жерде сага калп айтып жатат

Орустер согушка карши

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]