Мария Колесникова

Википедия дан
Мария Колесникова -MoveGreen экологиялык уюмдун лидери (Кыргызстан)

Мария Колесникова – эколог, ишкер, MoveGreen экологиялык уюмдун лидери. Ал Бишкек шаарында төрөлүп, жашайт. Кыргыз-Орус Славян университетинин эл аралык журналистика бөлүмүн аяктаган.

MoveGreen’деги ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мария Колесникова Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте айыл жергесинде өзгөчө кырдаал болгон учурда эмне кылуу керектиги жана табият кырсыктарынан келип чыккан тобокелдиктерди азайтуу боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Долбоордун ийгилиги MoveGreen кыргыз кыймылынын директору болууга жол ачты.

“MoveGreen” Коомдук бирикмеси – Кыргызстандагы жаштардын экологиялык уюму. Анын максаты – экспертиза, ыктыярчылык жана билим берүү аркылуу экологиялык маалымдуулукту жана позитивдүү экологиялык аракеттерди колдоп, аларга дем берүү.

“MoveGreen” Коомдук бирикмеси эки багытта иштейт: ыктыярчылардын кыймылы жана кесипкөй команда. Кесиптик ишмердик жарандык мониторинг, климаттын өзгөрүшү, кырсыктардын тобокелдигин азайтуу, абанын сапаты жана экологиялык билим берүү боюнча долбоорлорго багытталган.

Ыктыярчылардын ишмердиги мектептерде жана университеттерде экологиялык билим берүү программаларын түзүүгө, улуттук сейил бактарда бак-дарак отургузуу өңдүү практикалык иш-чараларды уюштурууга, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары жана тренингдер аркылуу экологиялык көйгөйлөр жөнүндө маалымдуулукту жогорулатууга багытталган.

Мария Колесникованын жетекчилиги астында MoveGreen Aba.kg мобилдик тиркемесин ишке киргизген, аны 3000ден ашык адам жүктөп алган. Эми Бишкектин тургундары өз шаарындагы абанын сапаты тууралуу маалыматты алып турушат.

“Бишкектин абасы” долбоору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“МувГрин” Коомдук бирикмеси “Сорос-Кыргызстан” Фондунун колдоосу менен “Бишкектин абасы” долбоорун демилгелеген. “Биздин максат – борбордун абасынын сапаты боюнча изилдөө жүргүзүп, алынган маалыматтарды коомчулуктун арасында жайылтуу. Муну менен жарандар шаардагы абанын булгануу коркунучу жөнүндө кабардар болуп, жергиликтүү бийликтин деңгээлинде бул кырдаалды өзгөртүү үчүн чараларды көрүүгө даяр болушат”, - дейт “МувГрин” Коомдук бирикмесинин директору Мария Колесникова.

Бул үчүн долбоордун алкагында шаймандар сатып алынат, алар “Aba.kg” мобилдик тиркемесинде катуу бөлүкчөлөрдүн жана башка булгоочу заттардын концентрациясын чагылдырып турат. Бул тиркеме “Көк Асман” коомдук фонду менен биргеликте иштелип чыккан. Шаардын ар бир тургуну реалдуу убакыт режиминде шаардагы үч жерден абанын булганышына берилген баа тууралуу маалыматты жана ден соолугуна тийгизген кесепеттерин азайтуу боюнча сунуштамаларды алып турат. Бишкектеги абанын сапаты тууралуу жалпыга жеткиликтүү, ишенимдүү жана өз убагында берилген маалымат адамдын ден соолугун коргоо үчүн, ошондой эле жарандык коомду алардын ден соолугуна коркунуч жараткан тобокелдиктер жөнүндө маалымдап туруу үчүн өтө маанилүү. Жарандык активисттер менен биргеликте борбордогу абанын сапатын жакшыртуу боюнча стратегияны иштеп чыгуу максатында алынган жыйынтыктар тууралуу тиешелүү мекемелер жана кызыкдар тараптар да кабардар болушат. Изилдөөнүн алгачкы жыйынтыктары ноябрда коомчулукка жеткиликтүү болот, ал эми долбоордун өзү 2017-жылдын декабрына чейин созулат”[1]

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2018-жылы Мария Колесникова Дмитрий Терешкевич атындагы Tereshkevich Youth Environmental Award (Жаштардын экологиялык сыйлыгы) сынагынын жеңүүчүсү болгон [2] Archived 2022-01-31 at the Wayback Machine

2021-жылдын 7-декабрында Бириккен Улуттар Уюмунун Айлана-чөйрө боюнча программасы – UNEP 2021-жылдын “Жер чемпиондору”  сыйлыгынын жеңүүчүлөрүн жарыялады. Бул – БУУнун айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы эң жогорку сыйлыгы. Кыргызстандык Мария Колесникова “Ишкердин көз карашы” категориясында бул сыйлыктын лауреаты болду [3].


Медиада[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2018-жылдын декабрында экологиялык активист Мария Колесниковага Варшаванын аэропортунда Польшага кирүүгө тыюу салынган. Бул тууралуу ал “Фейсбуктагы” баракчасына жазган.

Аны менен бирге Кыргызстандан, Орусиядан, Украинадан жана Грузиядан 15 активист Катовицеде өтүп жаткан БУУнун Эл аралык климат боюнча сүйлөшүүлөрүнө (COP24) катыша албай калышкан. Айрымдарын аэропорттон же вокзалдан артка кайтарышса, башкаларын мейманканадан таап чыгышкан. Поляк бийлиги “коомдук коопсуздук” максатында мындай кадамга барганын жүйө келтирген.

- Мени Варшавада кармашты, суракка алып, текшерүүдөн кийин “коомдук коопсуздукка коркунуч келтирет” деген жүйө менен артка кайтарып жиберишти, - деди Колесникова. - Польшага эмнеге келгенимди, мени ким чакырганын, мекенимде эмне иш кылаарымды сурашты. Эки сааттан кийин поляк тилиндеги кээ бир документтерге кол койдуруп (өлкөгө кирүүдөн расмий түрдө баш тартуу сыяктуу документ окшойт), учагым 40 мүнөттөн кийин учаарын айтышты. Билбеген тилде кагаздарга кол коюудан баш тарттым, ошондо алар муну виза тарыхыма киргизээрин айтып коркутушту.

Анын айтымында, Польшанын чек ара кызматынын кызматкерлери экологиялык активисттердин аты-жөнү жазылган айрым тизмелерге шилтеме беришкен [4]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бишкектик активисттер абанын сапатын өлчөй башташат//http://donors.kg/ru/3797-bishkekskie-aktivisty-zajmutsya-zamerami-kachestva-vozdukha

Кыргызстандык Мария Колесникова БУУнун экология жаатындагы сыйлыгын алды//https://kaktus.media/doc/450794_mariia_kolesnikova_iz_kyrgyzstana_polychila_premiu_oon_v_oblasti_ekologii.html

Дмитрий Терешкевич атындагы экологиялык сыйлык: жаңы ысымдар, жаңы долбоорлор//http://cso-central.asia/ekologicheskaya-premiya-imeni-dmitriya-tereshkevicha-novye-imena-novye-proekty/ Archived 2022-01-31 at the Wayback Machine

“Европа бийлигинин пикири боюнча, айрым темаларды көтөрбөй эле коюш керек” - VESTI.KG – Кыргызстандын жаңылыктары//https://vesti.kg/obshchestvo/item/56961-nekotorye-temy-po-mneniyu-evropejskikh-vlastej-podnimat-ne-stoit.html

MoveGreen – Кыргыз Республикасындагы экологиялык уюму http://movegreen.kg/

Мария Колесникова: Кыргызстандык активист, эко-кыймылды жетектеп, экологиялык баалуулуктарды үгүттөгөн//https://eca.unwomen.org/ru/news/stories/2020/4/feature-maria-kolesnikova-an-activist-from-kyrgyzstan-leading-the-eco-movement